Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Молдованын президенти Майя Санду Украинага барды


Майя Санду Буяа шаарында. 27-июнь 2022-жыл
Майя Санду Буяа шаарында. 27-июнь 2022-жыл

Молдованын президенти Майя Санду дүйшөмбү күнү Украинанын Буча жана Ирпинь шаарларына барды. Ал жерлерде орус аскерлери карапайым элге каршы согуш кылмыштарын жасаган деп шектелүүдө.

“Экономикалык жана саясий баа кандай болбосун, биз согушту токтотушубуз, мындай ырайымсыздыктардын кайталануусун алдын алышыбыз керек”, - деп айтты Санду.

Президент “согуш алып келген зомбулукту жана кыйроолорду өз көзү менен көргөнүн, аларды сүрөттөө үчүн сөз таппай жатканын” Твиттерге жазды жана украин элине “тынчтык, эркиндик жана өнүгүү, өздөрү тандагандай жашоону” каалады.

Санду Киевде украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушмакчы.

Бир нече күн мурун Украина менен бирге Молдовага да Еврошаркетке талапкер деген макам ыйгарылган. Молдова согуш башталгандан бери кошуна өлкөсүнөн көп сандагы качкындарды кабыл алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG