Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Тоолуу Бадахшанда интернет калыбына келтирилгени кабарланды


Хорог шаары.
Хорог шаары.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда интернет байланышы калыбына келтирилди. Бул тууралуу "Озоди" радиосу аймактагы жергиликтүү тургундарга шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, облустун жашоочуларында интернет 25-июнь күнү кечинде иштей баштаган.

14-майда Хорог шаарында жүздөгөн адам нааразылык акциясына чыгып, автоном облустун башчысын жана мэрди кызматтан кетирүүнү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Көп узабай тажик бийлиги чөлкөмдө “антитеррордук операция” баштаган. “Сегиз жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. 100дөн ашык адам кармалганы ырасталган. Жергиликтүү жашоочулар каза тапкандар мындан көп деп айтышат. Ошол күндөрү аймакта интернет байланышы өчүрүлгөн.

31-майда “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө Рушан районунун Дерзуд айылынын дагы беш тургуну өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.

27-майда “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) эл аралык укук коргоо уюму расмий Дүйшөмбүнү Тажикстандын бийлиги нааразылыкка чыккандарды куугунтуктоону токтотуп, аларга каршы жасалган кылмыштарды иликтеши керек” деп билдирген.

"Ислам кайра жаралуу" партиясы террористтик уюмдардын катарына 2015-жылы кошулуп, ишмердигине тыюу салынган. Ошондон бери бир катар лидерлери, мүчөлөрү кармалып соттолгон. Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Дүйшөмбүнүн бул аракеттерин айыптап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG