Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Ослодо түнкү клубдагы атышуудан эки киши набыт болду


Ослодогу ок атышуу болгон жер.
Ослодогу ок атышуу болгон жер.

Ок атышуу Норвегиянын борбору Ослодогу бири-бирине жакын жайгашкан үч түнкү клубда болду. Ишембиге караган түнү болжол менен түнкү саат бирде Ослодогу "Лондон-паб" клубунда башталган.

Жергиликтүү телеканалга интервью берген күбөнүн айтымында, ок атышуу клубдун ичинде башталган.

Ок атышуу болгон клубдун жаны.
Ок атышуу болгон клубдун жаны.

“Атышуу башталганда мен "Лондон-пабдын" сыртында элем. Атышуу башталары менен мага айнектин сыныгы келип тийди. Атышуу токтобой жаткандыктан мен клубдун ичине кирип, болушунча көбүрөөк кишини сыртка чыгарууга үлгүрдүм”, – деп сүрөттөдү күбө.

Атышуудан 21 киши жаракат алып, экөө набыт болгон. Шектүү ошол эле түнү клубдан алыс эмес жерден кармалган. Ал 42 жаштагы иран тектүү Норвегиянын жараны экени аныкталган. Полиция шектүү буга чейин да полиция тарабынан баңгизат жана курал сактоо үчүн кармалганын билдирди. Полициянын өкүлү бул кылмыш жек көрүүнүн негизинде ишке ашырылганын божомолдоп, шектүүгө “киши өлтүрүү”, “кишиге кол салуу” жана “теракт уюштуруу” беренелери тагылганын айтты.

Ишембиде Ослодо жылдык гей-парад өтмөк, бирок полициянын сунушу менен иш-чара өткөрүлбөй калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG