Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Активисттер тоолорду коргоо жылынын максаттары кагаз бетинде гана калып жатканын айтышты


Акциянын катышуучулары.
Акциянын катышуучулары.

Кыргызстандык экоактивисттер быйылкы «Тоолорду коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыяланган жылдын максаттары азырынча кагаз бетинде гана калып, алгылыктуу иштер жасала элек деп эсептешерин 24-июнда өлкөнүн экосистемасын коргоо маселелерине көңүл бурдуруу үчүн уюштурган акциясында айтышты.

Уюмдун мүчөлөрү президенттин жарлыгын ишке ашыруунун “жол картасы” жарыялана электигин, мамлекет экологиялык системаны, токойлорду коргоо ишин жетишерлик деңгээлде жүргүзбөй жатканын белгилеп, жайыттар 50% деградация болгонун, таштанды көйгөйү курч болуп жатканын кошумчалашты.

Акцияга “Экологиялык лидерлер мектебинин” өкүлдөрү катышты. Мындай иш-чаралар бийликке климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштү тез жана чечкиндүү жүргүзүү талаптарын коюу максатында уюштурулуп келет.

Президент Садыр Жапаров "2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыкка быйыл 3-февралда кол койгон. Министрлер кабинетине 1-мартка чейин тоолорду коргоо жылын өткөрүүгө байланыштуу “жол карта” даярдоо тапшырмасы берилген. Анын алкагында айыл чарба, энергетика, өнөр жай тармактарында экологиялык жана климаттык аракеттерди көрүү, токой чарбасын, экотуризмди өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүргүзүлөрү айтылган.

Экология министрлиги активисттердин сынына комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG