Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Убактылуу токтотулган Бишкек–Балыкчы темир жол каттамы иштей баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нөшөр жаандын кесепетинен убактылуу токтотулган Бишкек–Балыкчы темир жол каттамы бүгүн 26-июнда кайра иштей баштады. “Кыргыз темир жолу” ишканасы кечээ 25-июнда поезд бул багытта убактылуу каттабай турганын, жол толук тазаланып бүткөнүн, бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жеринде иштей турганын кабарлаган.

24-июндун кечинде “Жел-Арык” тилкесинде темир жолдун 10 метрдей жерине кум шагыл толуп, ал эми эки жерде көчкү жалпысынан 35 метрдей жерди каптап калган жана Балыкчыдан Бишкекке келе жаткан поезд кайра артка жөнөтүлгөн.

Синоптиктер соңку күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында нөшөр жаандын кесепетинен сел жана көчкү жүрүшү ыктымал экенин эскертип келет.

Бишкек–Балыкчы поезд каттамы 17-июндан тартып кайра иштей баштаган болчу. Соңку 12 жылдан бери алгачкы жолу билет баасы жогорулаган. Чоңдордун жол киреси Балыкчыга чейин мурда 69 сом болсо, 17-июндан тартып 150 сомдон сатыла баштаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG