Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:00

Садыр Жапаров эки өлүм боюнча УКМКны айыптоону "акылга сыйбаган күмөн" деп атады


Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 25-июнда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде атайын кызматтын тергөө абагындагы эки өлүм боюнча айтып жатып “Аларды “УКМК өлтүрүп койду” деген акылга сыйбаган күмөн” деп билдирди.

“УКМКга миңдеген адамдар камалып чыгып жатышат. Кимдер гана камалып чыкпады. Баары эле аман-эсен чыгып жатышат го. “УКМК өлтүрүп койду” дегидей булар же бир коомчулукка таанымал чоң фигуралар болсочу. Жөн гана кылмыш иштери менен камалган адамдар экен. Экинчи маркум банкта иштеген жаш бала болсо, “Айылбанктан” берилген 3,5 миллион доллар кредит кайра кайтпай жаткандыгы боюнча камалган экен. 3,5 миллион доллар оюнчук акча эмес да, бул – элдин акчасы”, - деди Жапаров.

Президент “Буга байланыштуу коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев иштен четтетилиши керектигин айткандар болду. Сиз атайын комиссия түздүңүз. Анын объективдүүлүгүнөн күмөн санабай эле койсо болобу?” деген суроого Эч күмөн санабай эле койсоңуздар болот. Биздин коомчулуктан жашыра турган эч нерсебиз жок” деп жооп берди.

Жапаров комиссиянын курамына маркум болуп кеткендердин жакын туугандары, омбудсмен, бейөкмөт уюмдар киргизилгенин айтып, эки окуяны кырсык деп атады.

“Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары, 44 жаштагы Бакыт Асанбаев 18-июнда атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылган. Ал коррупцияга шек саналып 30-апрелден бери камакта отурган.

Саясат талдоочу, 56 жаштагы Марат Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган.

Маркумдардын жакындары бир катар дооматтарды айтып чыккан.

Президент Садыр Жапаров Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн бейтарап териштирип-иликтөө үчүн комиссия түзгөн. Комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеп жатат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мекеменин тергөө абагындагы эки өлүмгө байланыштуу иштен четтетүү тууралуу талаптарга "Мен ушундай жоопкерчиликтүү кызматта турам, убактылуу четтетилгенге болбойт" деп жооп берген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG