Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:00

Улуттук банк валюта базарынан 59 миллион доллар сатып алды


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Улуттук банк валюта рыногунан кайрадан доллар сатып алды. 24-июнда өлкөнүн башкы банкы 59,1 млн доллар сатып алганы тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Бул жолку интервенцияда бир доллардын баасы 79 сом 50 тыйын деп бааланганын "Акчабар" каржылык порталы жазды.

Буга чейин Улуттук банк 17-июнда Кыргызстандын валюта рыногунан 51 миллион доллар сатып алган болчу. Жалпысынан жыл башынан бери 190 миллион доллар сатылып алынды.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен. Ошондон бери төмөндөп отуруп, бүгүн 25-июнда акча алмаштыруучу жайларда доллар 79-80 сомдон болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG