Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Жаңы Ак үйдү куруу долбоорун “Кыргызкурулушсервис” ишканасы жүргүзөт


Президенттик администрациянын жаңы имаратынын долбоору.
Президенттик администрациянын жаңы имаратынын долбоору.

"Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна түшө турган администрациялык имаратты куруу долбоорун президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырат. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Мурдараак президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча түзүлгөн дирекцияны жоюу чечими кабыл алынганы бегилүү болгон.

"Буга чейин эскиздик долбоорун иштеп чыгуу сынагын жеңип алган “Архи-Вижн” ЖЧКсы азыркы учурда долбоордук-сметалык иштерин жүргүзүүдө. Долбоорлоо аяктагандан кийин инвесторлор тартылып, түздөн-түз объектинин курулушун жүргүзө турган аткаруучу аныкталат", - деп маалыматта айтылат.

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча дирекция өткөн жылдын соңунда түзүлгөн. Аталган ишкана "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна салына турган жаңы Ак үйдүн курулушун жүргүзмөй болгон. Ишканага жетекчи болуп Марат Турсунбеков дайындалып, курулуштун бюджети этап-этабы менен иштелип чыгып, долбоордун баасы жарым жылда белгилүү болоорун билдирген. Иш параллелдүү долбоорлоо мыйзамына ылайык жүрүп жатканын, эгер Бишкектин түштүк бөлүгүнөн берилмей болгон 16 гектар жер курулуштун акчасынан ашып кетсе, айырмасы төлөнүп берилерин кошумчалаган.

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы былтыр жыл аягында бузула баштаган. Бул иштер үчүн бюджеттен тогуз миллион сомдун тегерегиндеги каражат сарпталганы белгилүү болду.

Президенттин Иш башкармалыгы мейманкананын бузулушун көп жылдан бери каралбай, эскирип авариялык абалга кептелгени менен байланыштырган. Бирок конок үйүнүн бузулушу айрым саясатчылар менен жарандардын сынына кабылган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG