Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

ТүркПАнын жыйыны: 2023-2028-жылдарга жол картасы талкууланат


ТүркПАга Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия мүчө.
ТүркПАга Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия мүчө.

Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 24-июнда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин отуруму жана XI пленардык жыйыны өтүп жатат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда 2023-2028-жылдарга уюмдун стратегиялык жол картасы бекитилет. Андан сырткары социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралат. ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтүп, отурумдардын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат.

Жыйынга ТүркПАга мүчө мамлекеттер - Кыргызстан, Азербайжан, Түркия жана Казакстандын парламенттик делегацияларынын сырткары Венгрия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын дагы өкүлдөрү катышат.

Кыргызстанга 23-майда Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Азербайжандын Улуттук Жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева баштаган делегациялар келген.

Жыйындын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG