Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:07

Болгариянын парламенти өкмөткө ишенбестик көрсөттү


Премьер-министр Кирилл Петков парламенттин жыйынында.
Премьер-министр Кирилл Петков парламенттин жыйынында.

Болгариянын парламенти премьер-министр Кирилл Петков баштаган Министрлер кабинетине ишенбестик көрсөттү. Жарым жыл кызматта турган өкмөттү кызматтан кетирүү чечимине 239 депутаттын 123ү макул деп добуш берди.

Өкмөткө ишенбестик көрсөтүү чечимин экс-премьер-министр Бойко Борисов жетектеген ГЕРБ оппозициялык партиясы сунуштады. Оппозиция аны инфляция менен жетиштүү күрөшкөн жок деген кине койду. Мындан сырткары аларда финансылык маселелер боюнча талаштар болду.

2021-жылы Болгарияда үч жолу парламенттик шайлоо өткөн. Былтыр апрелдеги жана июлдагы шайлоолордо бир дагы партия көпчүлүк орунду ала албай, соңунда өкмөт курай албай калышкан. Ноябрда кайрадан шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында "Өзгөртүүлөрдү улантабыз" деп аталган партия үч партияны бириктирип башкаруучу коалиция түзгөн. Аталган партиянын лидери Кирилл Петков премьерликке бекиген. Эми Болгарияда кайрадан парламенттик шайлоо өтүшү керек.

42 жаштагы, Гарвард университетинен билим алган Кирилл Петков кызматка киришкен учурда коррупция менен айыгышкан күрөш жүргүзөрүн айткан. Ал өзүн кызматтан кетирүүгө так ушул күрөш себеп болгонун, коррупционерлер аны алып түшкөнүн айтты.

Петков Украинадагы согуштан улам Орусияга каршы катаал позицияда болуп келди. Ал февралда Москванын украин жергесине кол салуусун “согуш” деп атагысы келбеген министрин иштен кетирип, Евробиримдиктин Москва каршы санкцияларын колдогон. Адатта ал кызматка келгенге чейин расмий София Москва менен жакшы ымалада болчу.

Болгариялык оппозиция ошондой эле Кирилл Петковду коңшу Түндүк Македониянын Евробиримдикке (ЕБ) кирүүсүнө макулдук берип жатканы үчүн айыптаган. Болгариянын буга чейинки бийлиги Түндүк Македонияны аталган уюмга кошулушуна каршы болуп келген.

Македония 2019-жылы Грекия менен талашын чечкен соң өзүнүн аталышына Түндүк деген сөздү кошкон. Ошондон кийин ал ЕБге жана НАТОго кошулууга даярдыгын баштаган. 2020-жылы тарых жана тил маселелери боюнча талашка байланыштуу Түндүк Македонияны Евробиримдикке кошуу боюнча сүйлөшүүлөргө коңшу Болгария бөгөт койгон. Талаптарынын ичинде Болгария Түндүк Македониядагы болгар азчылыгын этникалык албандар сыяктуу Конституция аркылуу таануу маселесин да коюп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG