Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:30

ЖК: турак жай кооперативдеринин ишин иликтөө сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште 23-июнда "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Элдар Сулайманов турак жай кооперативдери тууралуу маселе көтөрдү. Ал мындай компанияларга акчасын алдатып жиберген жарандар көбөйүп жатканын айтып, атайын комиссия түзүп иликтеп чыгууну сунуштады.

"Турак жай кооперативдери азыр аябай көбөйүп кетти. Дайыма эле ошол жерде чыр болуп жатат, бир канча адам жабыркады. Алар акчасын же батирин ала албай кыйналып жүрөт. Бул чоң көйгөйгө айланды. Тиешелүү органдарга тапшырма берип, алардын ишин текшерүү керек. Көп эле адамдар "бул каржылык пирамида" деп айтып жатат. Биз аларга карата чара көрсөк жакшы болот эле. Жогорку Кеңештин эле эмес, жарандык коомдун өкүлдөрүн дагы кошуп комиссия түзүп, иликтесек жакшы болот эле", - деди Сулайманов.

Буга чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) жыл башынан бери турак жай кооперативдерине байланыштуу 73 кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко өткөнүн билдирген. Анда 140тай жаран жабыр тарткан, чыгымдын жалпы суммасы 66 млн. 641 миң сомду түзгөнү айтылган.

Расмий маалыматка караганда, турак жайга муктаж катары мамлекеттик ипотекалык компанияга жана турак жай кооперативдерине 50 миңден ашык үй-бүлө кайрылган.

Кыргызстанда турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтарда алардын саны 70тин тегерегинде экени айтылып келет.

Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен.

Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бир топ экени айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG