Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:01

Бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлик атайын буйрук чыгарып, билим берүү жөнүндөгү документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чаралар билим берүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана ата-энелердин катышуусунда өтүшү керектигин белгилеген.

Буйрукту аткарбаган мектеп жетекчилерине дисциплинардык жоопкерчиликтен тартып кызмат ордунан бошотулганга чейинки чара көрүлүшү ыктымал.

Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо 9-июнда болду. Ал эми 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземи 5-7-июлда өтөт. Быйыл Кыргызстан боюнча 68 миң окуучу мектепти аяктады.

Буга чейин мектепти бүткөнүн майрамдаган окуучулар ар кандай кырсыкка, анын ичинде автокырсыкка кабылган учурлар катталган. Ошондуктан министрлик жыл сайын бүтүрүү кечелерин мектептен тышкары коомдук жайларда өткөрүүгө тыюу салып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG