Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Францияда буркини менен сууга түшүүгө кайрадан тыюу салынды


Буркиничен аялдар. Иллюстрациялык сүрөт.
Буркиничен аялдар. Иллюстрациялык сүрөт.

Франциянын Жогорку административдик соту эс алуу жайларында мусулман аялдардын сууга түшүүчү кийими – буркини кийип жүрүүгө уруксат берген жок. Сот аны "Франциянын светтик принциби – мамлекеттин диндерге карата нейтралитетин бузат" деп тапты. Бул тууралуу Associated Press агенттиги маалымдады.

Францияда буркиниге байланыштуу талаш-тартыштар беш-алты жылдан бери уланып келүүдө. Өлкөдө исламисттердин кол салууларынан кийин аталган кийимге 2016-жылы бир катар шаарларда муниципалитеттердин деңгээлинде тыюу салынып, аны кийгендерге айып пул салынган.

Ошол учурдагы президент Николя Саркози жана премьер-министр Мануэль Вальс тагы буркиниге каршы чыгып, аны Франциянын светтик принцибине каршы келерин айтып чыккан. Франциянын Мамлекеттик кеңеши муну буркиниге салынган чектөөнү адам укуктарын бузуу деп тапса, 2017-жылы Марселдин апелляциялык соту эс алуучу жайларда буркинин тыйган чечимдерди мыйзамдуу деп тапкан.

2022-жылдын май айында Гренобль шаарынын администрациясы жергиликтүү активисттердин талабы менен бассейндердеги дресс-кодду жеңилдетип, аялдарга буркини жана топлес кийип жүрүүгө уруксат берген. Греноблдин мэри ар бир аялдын каалаган кийимди кийүүгө, бассейндерде жана көчөлөрдө өзүнүн диний ишенимин чагылдырууга укугу бар экенин айткан.

Гренобль шаарынын администрациясынын чечиминин үстүнөн Франциянын өкмөтү сотко кайрылган. Жогорку административдик сот буркиниге берилген уруксатты “мыйзамсыз” деген токтом чыгарды. Франциянын ички иштер министри соттун чечимин “светтик түшүнүктүн жеңиши” деп атады.

Францияда коомдук жайларда никаб жана паранжаларды кийүүгө 2010-жылы эле тыюу салынган. Бул өлкөдө 5 миллиондон ашуун мусулман жашайт жана ал Европадагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу эң көп көрсөткүч болуп саналат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG