Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:22

Равшан Жээнбеков УКМК кызматкеринин үстүнөн даттанды


Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына аталган кызматтын башкармалыгынын башчысы Э. Бейшембиевдин үстүнөн административдик даттануу жазганын Фейсбукка жарыялады.

Жээнбеков Бейшембиевдин 14-июнда жалган маалымат таратууга болбой турганы тууралуу расмий эскертүү бергенин туура эмес деп, бул боюнча негиздүү жооп алуу үчүн УКМКнын төрагасына кайрылган.

“УКМКдан мага эскертүү беришти. Мени УКМКнын ичинде каза болгон Марат Казакпаев тууралуу жалган маалымат тараткан деп жатышат. Бул туура эмес. Ташиев башында турган УКМК мага басым көрсөтүп, ойдон чыгарлыган дагы бир иш козгогону жатышат. Мага жана менин жакындарыма андай иштин 16сы ачылган”, - деп жазды Жээнбеков.

УКМК саясатчынын даттануусу жана пикири боюнча комментарий бере элек.

Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей каза болгон.

Анын жубайы Анар Казакпаева жолдошу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) медициналык жардамды убагында албаганын, кыйноого кабылганын билдирген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Марат Казакпаевдин өлүмүн бир катар саясатчылар өз максатына колдонуп жатканын айтып, Равшан Жээнбековдун атын атаган. Ал тиешелүү бөлүмдөргө Жээнбековду башкармалыкка алып келип, расмий түрдө жалган маалымат таратууга болбой турганы боюнча эскертүү берүүнү тапшырганын кабарлаган.

Ал эми Равшан Жээнбеков Казакпаевдин өлүмү үчүн Камчыбек Ташиевди отставкага кетүүгө чакырган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG