Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:02

Кулубаев кыргыз-бахрейн өкмөттөр аралык кеңеш түзүүнү сунуштады


Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 21-июнда Манама шаарындагы сапарынын жүрүшүндө Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Ал-Заяни менен жолукту. Тараптар өз ара алака-катыштын азыркы абалы, эки тараптуу кызматташууну андан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

"Министрликтердин ортосунда үзгүлтүксүз кеңешмелерди өткөрүүгө, дипломатиялык кадрларды даярдоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасын кеңейтүү, кызматташуудагы актуалдуу маселелерди чечүү, натыйжалуу транспорттук-логистикалык система түзүү, туризмди өнүктүрүү, Кыргызстандан Бахрейнге айыл чарба продукцияларын экспорттоону жолго коюу маселелери талкууланды. Кулубаев кыргыз-бахрейн өкмөттөр аралык биргелешкен комиссия түзүүнү сунуштады жана жолугушуунун соңунда кызматташууга байланыштуу документтерге кол коюлду", -деп айтылат Кыргызстандын ТИМи тараткан маалыматта.

Өткөн жылы ноябрда Кыргызстанга Бахрейн падышачылыгынан атайын делегация келген. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аларды инвестиция салууга чакырган жана дары-дармек тармагында кызматтуушу сунуштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG