Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

АКШда Шинжаңдан товар импорттоого тыюу салган мыйзам күчүнө кирди


Шинжаңдагы кайра тарбиялоо лагери. 2018-жыл
Шинжаңдагы кайра тарбиялоо лагери. 2018-жыл

Кошмо Штаттарында 21-июндан тартып Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном облусунан товар импорттоого тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Документке өткөн жылдын аягында президент Жо Байден кол койгон. Ак үй бул мыйзам аймактагы куугунтуктоого жоопкер бардык тараптарга тиешелүү экенин эскерткен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ушундай мазмундагы мыйзам кабыл алууга өнөктөштөрүн дагы үндөп, чакырырын билдирди.

"Уйгурларды мажбурлап иштетүүнүн алдын алуу" мыйзам долбоору былтыр бир жыл бою Конгрессте каралып, кабыл алынган.

Расмий Бээжин өз кезегинде буга каршылыгын билдирип, "Кытайдын ички ишине кийлигишүү" катары сыпаттаган.

АКШ Шинжаңдагы куугунтуктоолорго байланышы бар бир катар аткаминерлерге жана айрым компанияларга санкция салган.

Бир катар мамлекеттер, эл аралык уюмдар Кытайдагы саясий лагерлерде бир миллиондон ашык уйгур жана башка азчылык өкүлдөрү кармалып турганын билдирип, Бээжинди мындай жайларды жабууга чакырып келет. Кытай Шинжаңда мусулман азчылыктарынын укугу бузулуп жатканы тууралуу дооматтарды такай четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG