Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Түркмөнстан Орусия менен кош жарандуулук процессин жандантты


Түркмөнстандын паспорту.
Түркмөнстандын паспорту.

Түркмөнстандын Миграциялык кызматы 21-июндан тартып Орусиянын жарандыгын алган түркмөндөргө өз мекенинин паспортун алууга уруксат берди. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады.

Түркмөнстан менен Орусия кош жарандуулук боюнча макулдашууну 1993-жылы кабыл алган. 2003-жылдан кийин түркмөн бийлиги аны жокко чыгарган. Ага карабай Орусиянын Ашхабаддагы элчилиги Түркмөнстандын жарандарына орус паспортун берүүсүн уланта берген.

Кийин Түркмөнстандын бийлиги кош жарандыгы барларды же түркмөн паспортун, же орус паспортун тандоону талап кылган. Эки өлкөнүн тең жарандыгын сактап калгысы келгендерге түркмөн паспортторун бербей келишкен. Буга байланыштуу кош жарандыгы бар көпчүлүк тургундар Орусиянын жарандыгын тандоого аргасыз кылып, өзү туулган мекенин таштап кетүүгө мажбурлаган.

2019-жылдан тартып Түркмөнстан кош жарандыгы бар айрым кишилерге, айрыкча карыларга жана балдарга түркмөн паспортун алууга уруксат берген.

Жаңы өзгөрүүлөр азыркы президенти Сердар Бердымухаммедовдун Орусияга иш сапарынан кийин кирип жатат. Ал 10-июнда Москвага барып орус президенти Владимир Путин менен жолуккан. Бул Сердар Бердымухаммедовдун биринчи чет элдик иш сапары болуп калды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG