Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:46

Казакстанда Назарбаевдин инисинин бизнеси боюнча текшерүү башталды


Болат Назарбаев
Болат Назарбаев

Казакстандын финансылык мониторинг башкармалыгы (ФМБ) Karuan деп аталган компанияны рейдерлик жол менен тартып алуу фактысы боюнча териштирүү баштаганын жарыялады.

Мекемеден билдиришкендей, Алматы шаардык прокуратурасынын экономикалык иликтөөлөр бөлүмүнө Какенов Н. аттуу ишкер компаниясын тарттырып жибергени жөнүндө арыз жазган. Финансылык мониторинг башкармалыгы текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, юридикалык баа берилерин билдирди.

Мурдараак бир катар басылмалар Нурша Какенов деген бизнесмен Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Болат Назарбаевдин үстүнөн рейдерликке байланыштуу даттанганын кабарлашкан. Ушул эле маалыматтарда “Болат Назарбаевдин жана анын мурдагы аялы Майра Курмангалиеванын үстүнө рейдерлик фактысы жөнүндө” кылмыш иши катталганы белгиленген.

Болат Назарбаев экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кичүү иниси. Нурсултан Назарбаев январь окуялары учурунда Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматынан айрылган, андан кийин анын туугандары жана жакын адамдары да кызматтан кеткен. Айрым маалыматтарда иниси Болат Назарбаев 6-январда кыргыз-казак чек арасынан өтүп, Кыргызстан аркылуу Дубайга учуп кеткен.

2022-жылдын апрель айында Алматы облусундагы Almaty Steklo заводунун кожоюндарынын бири бизнесинин жарымын рейдерлик менен тарттырып жибергенин жана анын ишканасынын жарымын Болат Назарбаев алып алганын айткан. Андан мурдараак, март айында Финансылык мониторинг башкармалыгы Болат Назарбаев менен аффилирленген (байланышкан) майнинг компаниялар аныкталганын кабарлаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG