Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:40

Дмитрий Муратов Нобелдин медалын 103,5 миллион долларга сатты


Дмитрий Муратовго Нобелдин Тынчтык сыйлыгы былтыр ыйгарылган.
Дмитрий Муратовго Нобелдин Тынчтык сыйлыгы былтыр ыйгарылган.

Орусиянын “Новая газета” басылмасынын баш редактору Дмитрий Муратов 2021-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгы үчүн берилген медалын аукцион аркылуу 103,5 миллион долларга сатты. Журналист бул каражаттын баары ЮНИСЕФ аркылуу украиналык качкындарга жана алардын балдарына жардам берүүгө жумшаларын билдирди.

Аукциондо медалдын баштапка баасы 13 миң доллардан башталган. Аны ким сатып алганы белгисиз бойдон калды.

Орусиянын Украинага кол салуусун кескин айыптаган Муратов украиналык жабырлануучуларга жардам катары сыйлыгын сатарын быйыл мартта жарыялаган. Ал Нобелдин Тынчтык сыйлыгын былтыр филиппиндик журналист Мария Ресса менен чогуу алган.

Нобел комитетинин билдирүүсүндө журналисттерге абройлуу эл аралык сыйлыкты “демократияга жана тынчтыкка өбөлгө түзгөн пикир эркиндигин коргоодогу аракеттери үчүн” берилгени жазылган.

Физиология боюнча Нобел сыйлыгынын ээси Жеймс Уотсон өз медалын 2014-жылы 4,8 миллион долларга саткан. Физика боюнча алган медалын Леон Ледерман 2015-жылы 765 миң долларга сатып, дарылануу үчүн жумшаган. Сыйлыктын лауреаттарынын үй-бүлөлөрү да медалдарды ар кандай максаттарда аукциондорго коюшкан, анда алар 395 миң доллардан 2,2 миллион долларга чейин жеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG