Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Борн: Францияда шайлоодон кийин "мурда болуп көрбөгөн кырдаал" түзүлдү


Франциянын премьер-министри Элизабет Борн.
Франциянын премьер-министри Элизабет Борн.

Франциянын премьер-министри Элизабет Борн жекшембидеги парламенттик шайлоонун жыйынтыктарынан кийин өлкөдө "мурда болуп көрбөгөн кырдаал" түзүлгөнүн айтты. Ал добуш берүүчүлөрдүн чечимин сыйлоо зарылдыгын, дүйшөмбүдөн тарта француз бийлиги баалардын кымбатташы сыяктуу маселелерди чечүүнүн үстүндө иштей баштай турганын белгиледи.

"Бешинчи республиканын тушунда Улуттук ассамблея эч качан мындай конфигурацияны башынан өткөргөн эмес. Улуттук жана эл аралык деңгээлдеги биздин алдыбыздагы маселелерди эске алганда мындай абал биздин өлкөбүз үчүн тобокелчилик жаратат", - деди Борн.

19-июндагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, президент Эммануэл Макрондун "Бирге!" аттуу альянсы 577 орунду парламентте 245 мандатка ээ болду. Макрондун тарапкерлерине парламенттеги көпчүлүктү сактап калуу үчүн кеминде 289 добуш топтошу керек эле.

Экинчи орунга саясатчы Жан-Люк Меланшон жетектеген солчул партиялардын биримдиги (NUPES) чыкты. Бул альянска 131 мандат тийди.

Ашынган оңчулдардын лидери Марин Ле Пен жетектеген "Улуттук жүрүш" партиясы сурамжылоолордо көрсөтүлгөндөн дээрлик эки эсе көп орунга же 89 мандатка болду.

Апрель айында экинчи президенттик мөөнөтүнө шайланган Макрон эми өз мыйзамдарын жана реформаларын өткөрүшү үчүн парламентте саясий альянс түзүшү керек болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG