Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

ИИМ бир аптада 230дан ашуун айдоочу мас абалында кармалганын билдирди


Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын тескөөчүсү.
Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын тескөөчүсү.

Акыркы бир аптанын ичинде (13-19-июнь) Кыргызстанда жолдо жүрүүнүн эрежесин бузган 19 миңден ашуун учур катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алардын ичинен мас абалында машине айдаган 237 айдоочу аныкталган. Катуу ылдамдыкта машине айдагандар 3,7 миңден ашкан. 900 автоунаа айып короого токтотулуп, 200дөй айдоочу документи жок унааны башкарганы аныкталды.

Соңку учурда кан жолдо кырсыктагандар көбөйдү. 10-июнда таңга жуук Ысык-Көл облусунун Балыкчы – Ананьево – Каракол автожолунда Volvo жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү машиналар кагылышып, төрт киши мүрт кеткен. ИИМ тараткан маалыматка таянсак, быйыл алгачкы үч ай ичинде Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталган, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алды.

Кыргызстанда 2021-жылы жети миңге жакын жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. Былтыр 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсыктардын 95% айдоочулардын эреже сактабаганынан улам келип чыкканын билдирет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG