Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Тегеранда казак лидери Токаев менен иран президенти Раиси жолукту


 Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен Ирандын президенти Ибрахим Раиси Тегеранда, 19-июнь, 2022-жыл.
Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен Ирандын президенти Ибрахим Раиси Тегеранда, 19-июнь, 2022-жыл.

Тегеранда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ирандын консервативдүү лидери Ибрахим Раиси менен жолугуп, эки өлко ортосундагы дипломатиялык алакаларды чыңдап, он жылдап созулган глобалдык өзөктүк запастан кутулуу маселесин талкуулады.

Токаев иран жарандарына Казакстандын аймагында 14 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилерин жарыялады. Казак лидеринин бул сапары жети жыл мурун дүйнөлүк алты держава менен Иран жетишкен өзөктүк келишимди кайра жандантуу жана Тегеранды Батыштын катаал санкцияларынын бошотуу жөнүндө эл аралык аракет жандана баштаган учурга туш келди.

Тегеранда Токаев Ирандын жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи менен да жолугат.

Казак президенти Иранга чейин Санкт-Петербургда өткөн эл аралык форумга орус лидери Владимир Путин менен чогуу отуруп катышкан. Форумда Москванын Украинага жасаган "атайын операциясы” тууралуу суроого орусиячыл жикчилдер түзүп алган Донецк жана Луганск “квазимамлекеттерин” Казакстан тааныбай турганын айтып жооп берген. Ал ошондой эле Батыш Орусияга салган санкцияларды Нур-Султан бузбай турганын да айтты.

Токаевдин сапары маалында казак тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин 2045-жылга чейин дүйнөдө өзөктүк куралды жок кылуу планын иштеп чыгууну сунуштаган макаласын орус басылмасы жарыялады. Анда казак дипломаты мындай сунуштун себептеринин бири деп Украинадагы согушту көрсөткөн.

Украинага орус армиясы киргенден кийин Киевге Батыштын көмөгү күчөгөндө президент Путин баштаган Кремлдин жетекчилиги өзөктүк куралды колдонуу ыктымалдыгын айтып, орусиялык атайын күчтөрдү күжүрмөн даярдыкка келтирген.

1991-жылы Советтер Союзу ыдыраганда өзөктүк запасы жагынан дүйнөдө төртүнчү орунда турган Казакстан андан баш тарууга макул болгон. 30 жыл мурун коңшу өлкө 1000 өзөктүү дүрмөттү, жүздөгөн континент аралык баллистикалык ракетаны, ондогон өзөктүк бомба ташый алчу ракетаны, тонналаган өзөктүк материалды жана уулуу калдыктарды мурастап калган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG