Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:45

Президент Жумгал райондук сотунун судьясын кызматтан алды


Нарын облусунун Жумгал райондук соттун судьясы Ачылбек Арзиев кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Буга байланыштуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Судьялар кеңеши Башкы прокуратурага Арзиевди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) судья Ачылбек Арзиевге жана аталган райондун О.Ж. аттуу прокурорунун орун басарына Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Атайын кызмат тараткан маалыматта тергеп-иликтөөдө "опузалап пара алуу фактысы аныкталып, кылмышка шектүүлөр пара алып жаткан жеринен кармалган" деп жазылган. Прокурордун орун басары УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган.

Өткөн айдын соңунда Башкы прокуратура Жумгалда судья менен прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Мындан көп өтпөй эле Соттор кеңеши бул маалыматты төгүндөгөн. Бирок Башкы прокуратура бул билдирүүнү кайра жокко чыгарган жана судьяны жоопко тартууга Соттор кеңешинин макулдугу керектигин белгилеген.

2021-жылы жергиликтүү жана Жогорку Соттун айрым судьяларына кылмыш иштери козголгон. Алардын көпчүлүгү коррупцияга байланыштуу айып коюлган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG