Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Украинада согуш башталгандан бери 323 бала каза болду


Киев облусундагы талкаланган үй.
Киев облусундагы талкаланган үй.

Украинанын Башкы прокуратурасы 18-июнга карата Орусия Украинага кол салгандан бери 232 бала каза таап, 583ү жарадар болгонун маалымдады.

Прокуратура бул сан так эмес экенин, оккупацияланган жана согуштук операциялар жүрүп жаткан аймактардагы курмандыктар азырынча эсептелип жатканын билдирди.

"Каза болгон балдардын көбү Донецк облусунан. Жалпысынан согуш башталгандан бери 301 бала каза тапкан. Харьковдо 170, Киевде 116, Черниговдо 68, Луганскиде 54, Херсондо 52, Николаевде 48, Запорожьеде 30, Сумыда 17 бала өлдү", - деп билдирди Украинанын расмий органы.

Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн бомбалоосунан Украинанын 2028 окуу жайы жабыр тарткан, анын 209у таптакыр талкаланган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча жогорку комиссарлыгынын буга чейин берген маалыматында, согуш башталгандан бери Украинанын 4509 жараны каза тапкан, анын 294и балдар. 5585 адам жарадар болгон, анын 463ү бала. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG