Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:41

Мугалимди мазактоого каршы мыйзам биринчи окууда каралды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 16-июнда жалпы жыйында биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Депутаттар Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо жана Улан Бакасов демилгеленген долбоор коомдук талкууга быйыл февраль айында коюлган.

Анда мугалимге окуучу же ата-эне жаман сөз айтып, адепсиз мамиле жасап, кордоп тийишкен, мазактаган, атүгүл кол салган окуялар көбөйгөнү, мунун баары педагогика кызматкеринин коомдогу өзгөчө укуктук макамынын төмөндөп кеткенине алып келип жатканы белгиленген.Окуучулардын мындай мамилеси көбүнесе чоңдордун жүрүм-турумунун күзгүсү экени айтылган.

Эгер мыйзам колдоо таап, кабыл алынса, жаза катары 2 же 3 миң сом айыппул салынат. Мындай жорук кайталанса чоңдорго 5 миң сом айыппул тагылат, же болбосо, 3-5 күндүк административдик камак чарасы көрүлөт. Ал эми окуучуларга 4 миң сомдук айыппул салынат.

Айрым укук коргоочулар мындай демилгеге каршы болууда. “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, бул мыйзам балалык жалпы коомчулуктун камкордугуна муктаж экени белгиленген БУУнун Балдар конвенциясына жана Кыргызстандын Конституциясына карама-каршы келет.

Соңку кездери интернетте мектепте мугалим менен окуучулар айтышып, бирине бири кол көтөргөн видеолор көп тарай баштады. Айрымдары боюнча териштирүү жүрүп, мугалимдер иштен кеткен учурлар бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG