Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Еврокомиссия Украинанын талапкерлик тууралуу арызын талкуулайт


Украинанын туусу Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тууларынын жанында. Париж. 2022-жылдын 5-апрели.
Украинанын туусу Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тууларынын жанында. Париж. 2022-жылдын 5-апрели.

Бүгүн 17-июнда Европа комиссиясы Украинанын Евробиримдикке кирүүгө талапкер өлкө макамын алууга арызы боюнча акыркы талкуусун өткөрөт. Жыйындын соңунда комиссиянын бирдиктүү позициясы жарыяланып, ал Евробиримдиктин лидерлерине саясий чечим кабыл алуу үчүн сунуш катары берилет.

16-июнда Франциянын, Германиянын, Италиянын жана Румыниянын лидерлери Киевге барып, өлкө жетекчилиги менен жолугушууда Украинага Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын берүүнү колдой турганын билдиришти.

Талапкер өлкөлөрдүн макамы боюнча маселе Евробиримдиктин 23-24-июнда өтө турган саммитинде талкууланганы жатат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Киевдеги сүйлөшүүлөр тууралуу пикирин билдирип, эгер Евробиримдик Украинага талапкер өлкө макамын бере турган болсо андай макамды ыйгаруу боюнча биримдик өзү иштеп чыккан шарттарын бузган болорун айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG