Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:00

Украина: "Азот" заводундагыларды эвакуациялоо аракети үзгүлтүккө учурады


Украина.
Украина.

Украинанын Северодонецк шаарындагы жүздөгөн жайкын тургун баш калкалап отурган "Азот" химиялык заводунан адамдарды эвакуациялоо кайрадан үзгүлтүккө учурады. Бул үчүн Орусия Украинаны айыптоодо, украин тарап азырынча жооп бере элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, шаардын өзүндө миңдеген адам камоолдо калды. Ал жакта таза суу жок калганы, электр жарыгы улам өчүрүлүп, санитардык абал начарлап кеткени кабарланууда.

АКШ президенти Жо Байден Украинага 1 миллиард долларлык аскердик жардам убада кылды. Ага артиллериялык курал, ок-дары жана деңиз жээгинде кайтаруу жүргүзүү үчүн "Гарпун" системалары кирет.

Украин армиясынын бир нече жумадан бери оор жоготууларга учурап көрсөтүп жаткан катуу каршылыгына карабастан орус аскерлери азыркы тапта Северодонецк шаарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөп турат.

Расмий Киев Батыш өлкөлөрүнүн курал-жарак жактан жардамына муктаж экенин кайталап айтууда.

15-июнда Орусия Северодонецк шаарындагы “Азот” химиялык заводунун аймагында коргонуп жаткан украин аскерлеринен куралын таштап, багынып берүүнү талап кылган.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Андан бери бул мамлекеттин 7 миллионго чукул жараны чет өлкөлөргө качкын болуп кетти, дагы 8 миллиондой адам өлкө ичинде жер которууга аргасыз болду. Украин тарап 10 миңдей аскеринен, 22 миңдей жай тургунунан ажыраганын, жок кылынган орус аскерлеринин саны кеминде 31 миң экенин билдирүүдө. Орус тарап 1351 аскерин жоготконун 25-мартта расмий түрдө айткандан бери бул маалыматын жаңылай элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG