Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:28

Үч жылда жабык жайларда 151 адам көз жумду, 19у суицид болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-2021-жылдары Кыргызстандын жабык жайларында 151 адам каза тапкан. Бул тууралуу 15-июнда Жогорку Кеңеште Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишмердүүлүгү талкууланып жатканда айтылды.

19 адам өз жанын өзү кыйганын борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирип, төрт суицид милициянын убактылуу кармоочу жайында болгонун маалымдады.

Рысбеков каза болгондор Жаза аткаруу кызматына, Ички иштер министрлигине, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жабык жайларда, стационардык-социалдык мекемелерде катталганын кошумчалап, бардык фактылар боюнча ички териштирүү болгонун, бирок айрымдары Улуттук борбордо суроо жаратып жатканын билдирди:

«Мисалы, камерада чогуу отургандар сабап салып, ошонун натыйжасында өлгөн бир учур бар. Ошол учур, мисалы, көп суроо туудурат бизде. Ал сабалып жатканда кызматкерлер каякта эле?».

Рысбековдун белгилешинче, жабык жайлардагы ар бир өлүм тууралуу Улуттук борборго кабарлоо керек деген милдеттенме бар, бирок ал аткарылбай келет, жана кээ бир мекемелерге, мисалы, Билим берүү жана илим министрлигине «балдар үйлөрү, интернаттар боюнча жөнөтүлгөн каттар жоопсуз калууда».

Борбордун директорунун айткандарына Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков жооп берип, бир да кат жоопсуз калбаганын билдирди:

«Улуттук борбордун директорунун айткан сөзүнө кошулбайм. Анткени ар бир окуя, албетте, териштирилет. Жаза аткаруу кызматы териштирип, прокуратурага жөнөтөт. Прокуратура өзүнүн юридикалык баасын берет. Күнөөлүү табылса, ошол кызматкер жоопко тартылат. Бирок Улуттук борбордун бир да каты жоопсуз калбайт».

Жыйында айтылгандай, соңку үч жылда жабык жайларда каза тапкан 151 адамдын 41и жүрөк-кан тамыр илдетинен, 25и башка илдеттерден, 19у коронавирустан жана пневмониядан, 11и цирроздон, сегизи ВИЧтен, бешөө инсульттан көз жумган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG