Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:18

БДК Камчыбек Ташиевдин пикирин айыптаган билдирүү таратты


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Бириккен демократиялык кыймыл тергөө абагынан ооруканага которулуп, өзүнө келе албай жатып көз жумган саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин пикирин айыптаган билдирүү таратты.

Кайрылууда Ташиев ​"айыпсыздык презумпциясы" принцибин одоно бузуп жатканы белгиленет. Оппозициялык кыймыл атайын кызмат Казакбаевдин өлүмүн териштирүүнүн ордуна өз пикирин айткан адамдарды суракка чакыртканын сындайт.

14-июнда саясатчы Равшан Жээнбеков Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу айткан пикирине байланыштуу (УКМК) суракка кирип чыкты. Атайын кызматтын тергөөчүсү ага "жалган маалымат таратпоо тууралуу" эскертүү бергени белгилүү болду. Ушундай эле эскертүүнү журналист Канат Каниметов дагы алганын Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Ташиев эксперттин өлүмүн бир катар саясатчылар "өз максатына колдонуп жатканын" айтып, Равшан Жээнбековдун ысымын атаган.

Бул тууралуу Ташиев “Новые лица” порталы менен болгон маегинде билдирип, тиешелүү бөлүмдөргө Жээнбековго расмий эскертүү берүүнү тапшырганын айткан. Оппозиционер Жээнбеков оор абалда ооруканага түшүп көз жумган эксперттин өлүмү үчүн Ташиевди отставкага кетүүгө чакырды.

Эс учунан танган Казакпаев 9-июнда Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканага "Тез жардам" менен жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей көз жумган.

Былтып апрелде камалган саясий эксперт Акыйкатчы институтуна кан басымы жогорулап, бөйрөгү ооруп жатканын айтып арызданган. Анын жубайы Анар Казакпаева күйөөсү УКМКнын тергөө абагында убагында медициналык жардам ала албай, кыйноого кабылганын билдирген.

Атайын кызмат Казакпаевге керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болгонун маалымдаган.

2021-жылы апрелде Марат Казакпаев жана Марат Токтоучиков аттуу адам "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген шек менен кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG