Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Алексей Навальный күчөтүлгөн тартиптеги абакка которулду


Алексей Навальный абакта туруп сотко катышып жаткан учуру.
Алексей Навальный абакта туруп сотко катышып жаткан учуру.

Орусиянын Владимир облусунун Покров шаарында түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный күчөтүлгөн тартиптеги абакка которулду. Бул тууралуу анын адвокатына таянуу менен саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш кабарлады.

Федералдык жаза аткаруу кызматы азырынча Навальный кайсы абакка которулганын маалымдай элек.

Март айында Москва шаарынын Лефортово райондук соту оппозиционердин экинчи иши боюнча тогуз жылга эркинен ажыраткан. Москва шаардык соту биринчи инстанциянын майда ушул эле өкүмдү күчүндө калтырган.

Сот Навальныйды "Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон" деп тапкан. Мындан сырткары ага "мурдагы ишин караган сот Вера Акимованы кемсинткен" деген кине тагылган. Навальный өзү жана анын санаалаштары бул айыптоолорду четке кагып, муну саясий куугунтук менен байланыштырат.

Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары айыпты саясий куугунтук деп эсептешет.

Навальный бул боюнча дагы жаңы кылмыш иш козголгону тууралуу эскертүү алганын быйыл майда билдирген. Саясатчы аны "экстремисттик топ түзүү", "аткаминерлерди жана олигархтарды жек көргөзүү", "уруксат берилбеген митингдерге чакыруу" айыптары тагылууда. Навальныйдын социалдык тармактардагы баракчаларында жаңы иш боюнча ал 15 жылга кесилиши мүмкүн экени айтылат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG