Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Равшан Жээнбеков УКМКга суракка чакырылды


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) саат 18:00гө суракка чакырылды. Саясатчы атайын кызматын чакыруу барагын Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Бирок анда Равшан Жээнбеков кайсы иш боюнча чакырылганы жазылган эмес.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев абактан ооруканага которулуп каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүн бир катар саясатчылар өз максатына колдонуп жатканын айтып, Равшан Жээнбековдун атын атаган.

Бул тууралуу Ташиев “Новые лица” порталындагы маегинде билдирип, тиешелүү бөлүмдөргө Жээнбековду башкармалыкка алып келип, расмий түрдө жалган маалымат таратууга болбой турганы боюнча эскертүү берүүнү тапшырганын кабарлаган.

Ал эми Равшан Жээнбеков Казакпаевдин өлүмү үчүн Камчыбек Ташиевди отставкага кетүүгө чакырды.

Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей каза болгон.

Маркум былтыр июнь айында Акыйкатчы институтуна кан басымы жогорулап, бөйрөгү ооруп жатканын, камакка алынгандан бери тергөө иштери жүрбөгөнүн айтып арызданган.

Анын жубайы Анар Казакпаева жолдошу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) медициналык жардамды убагында албаганын, кыйноого кабылганын билдирген.

Оппозициялык саясатчылар Марат Казакпаевдин өлүмүнө азыркы бийлик жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жооптуу экенин жарыялады. Атайын кызмат Казакпаевге керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болгонун маалымдаган.

Марат Казакпаев жана Марат Токтоучиков аттуу адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шек саналып 2021-жылы апрель айында кармалышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG