Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Жоробаев УКМКдан эмне себептен кызматтан алынганы белгилүү болду


Жаныбек Жоробаев.
Жаныбек Жоробаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Жаныбек Жоробаев алкоголдук тармактан түшкөн салыкка байланыштуу кызматтан алынганы белгилүү болду.

Бул тууралуу өкмөт Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 11-июнда “Дордой Food” базарынын соодагерлери менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзүнө берген түшүндүрмөсүндө айтылат.

Анда Акылбек Жапаров атайын кызматтын жетекчисинин орун басары кызматтан кеткенин билдирип, бирок ким экенин тактаган эмес. Кийинчерээк “азыр иштеп жаткан кызматкер жумуштан алындыбы?” деген суроолор берилген.

Өкмөт кызматтан бошотулган адам Жаныбек Жоробаев экенин, анын алкоголдук тармактагы ири ишканалардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экени аныкталганын кабарлады. Ага карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканы, азыр алкоголдук тармактан түшкөн салык көбөйгөнү белгилүү болду.

Жаныбек Жоробаев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Кыргызстан” фракциясынан төрт ай депутат болгон. 2021-жылы апрелде УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалып, ноябрь айында жумуштан алынган. Себеби айтылган эмес.

Ал Кыргызстандын алкоголдук өндүрүшүндөгү ири компаниялардын бири “Аю” ишканасынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов түзгөн “Кыргызстан” партиясынан депутат болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG