Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Бишкекте катуу шамал учурунда жабыркаган кыздын абалы жакшы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Катуу шамалдан улам кулаган дарактын шагы тийген секелектин абалы жакшы. Ал дарыгерлердин кароосунан кийин үйүнө жөнөтүлгөнүн №-3 балдар ооруканасынан “Азаттыкка” билдиришти.

13-июнда түштөн кийин Бишкектеги катуу шамалда Москва жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарак сынып, андан бир секелектин жабыркаганы кабарланган.

Бишкек мэриясы кыздын дарылануусуна кеткен чыгымды "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы төлөй турганын, секелектин ата-энесинин эч кандай доо-арызы жок экенин маалымдады.

10-майда борбор калаанын Курманжан датка жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулап, алдында токтоп турган автоунааны басып калган.

29-мартта Чүйдө Ысык-Көлдөн семинардан келе жаткан Бишкек жана Ош шаарынын депутаттары отурган кичиавтобуска катуу шамалдан сынган бак кулаган. Эч ким жабыркаган эмес.

Былтыр күзүндө Таласта катуу шамалдан эки терек кулап, бир адам каза болгон.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG