Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:40

Орусиядагы "Макдоналдс" ресторандары "Вкусно и точка" деп өзгөртүлдү


"Макдоналдс" корпорациясынын Орусиядагы бизнесин сатып алган Александр Говор "Вкусно и точка" брендинин логотибинин фонунда.
"Макдоналдс" корпорациясынын Орусиядагы бизнесин сатып алган Александр Говор "Вкусно и точка" брендинин логотибинин фонунда.

Орусиядагы мурдагы "Макдоналдс" тез тамактануучу ресторандары "Вкусно и точка" деген аталыш менен кайрадан ачылды. Москвадагы жана анын чет жакасындагы 15 түйүндүн ачылышы 12-июнь – Орусиянын күнүндө өттү. Аземге шаар мэри Сергей Собянин да катышты.

Бренддин ээлери жакын арадан баштап Орусиянын бардык аймактарындагы "Макдоналдс" ресторандарынын ордуна өз түйүндөрүн ача баштай турганын жарыялашты. Жаңы аталыш акыркы убакка чейин сыр катары кармалып келди.

Москва Украинага кол салганга чейин "Макдоналдс" брендинин астында Орусияда 850 ресторан иштеп келген. McDonald's корпорациясы Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин убактылуу ишин токтоткон. Бирок ресторандардын бир бөлүгү франшиза ыкмасы менен иштеп жаткан. 16-майда корпорация өлкөдөн толук чыгып кеткенин жарыялаган. Андан үч күндөн кийин чет элдик ишкана Орусиядагы бизнесин "Южкузбассуголь" деп аталган көмүр компаниясынын мурдагы кожоюну Александр Говорго сатып жибергени ачыкка чыккан. Говор буга чейин түйүндүн Сибирдеги 25 ресторанын башкарган.

Александр Говор "Макдоналдс" брендинин алкагындагы 850 ресторандын ордуна жаңы аталыштагы ресторандарды эки айдын аралыгында толук ачып бүтөрүн маалымдады. Компаниянын башкы директору Олег Пароев "Вкусно и точка" бренди мурдагы "Макдоналдс" ресторандарынын атмосферасын сактай турганын айтты.

"Макдоналдс" тез татым жайларынын алгачкы ресторандары Орусияда 1990-жылдын 31-январында ачылган. Биринчи эле күнү ал 30 миңден ашык кардарды тейлеп, корпорациянын тарыхында рекорд койгон. Белгилүү америкалык түйүн СССРде кайра куруунун символу катары каралган.

Орус күчтөрү 24-февралда Украинага кол салгандан бери миңден ашык эл аралык компаниялар Орусиядан чыгып кетти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG