Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Президенттин администрациянын жаңы имараты 2024-жылга чейин бүткөрүлөт


Президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу
Президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу

Президенттик администрациянын жаңы имараты 2024-жылга чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу боюнча мамлекеттик дирекциядан "Азаттыкка" кабарлашты.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта имараттын жерпайын түптөө иштери жүрүп жатат. Ишти "Сапат пром" курулуш компаниясы аткарууда. Курулуштун жүрүшүн Иш башкармалыктын алдындагы мамлекеттик дирекция көзөмөлдөйт.

Президенттин жаңы администрациясынын курулушу 15-апрелде башталган. Бул комплекс шаардын түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна салынууда. Конок үйүн бузуу иштери былтыр декабрда башталып, бул коомчулукта бир катар талкууларды жараткан эле.

Өкмөт администрациянын жаңы имараты бүтүп калса, мамлекеттик органдар бир жерге жайгашып, чечимдерди иштеп чыгуу процесси тездеп, Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү автожолдогу жүк азаярын айтып келет. Бирок коомчулукта курулушка канча каражат кетерин, акча кайдан бөлүнөрү боюнча суроолорду көтөрүп, Иш башкармалык аларга ынанымдуу жооп кайтара элек. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG