Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

"ВЦ Кварта Астана" ишканасына КМШ мамлекеттерин тейлөөчү борбор макамы берилди


Нур-Султан шаары.
Нур-Султан шаары.

Казакстандын "ВЦ Кварта Астана" ишканасына КМШга мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки инновациялык кызматташтыгы боюнча борбор макамы берилди. Мындай чечим Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин Нурсултан шаарында 10-июнда өткөн жыйынында кабыл алынды.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин сайтындагы маалыматка ылайык, борбор биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү, коммерциялык келечеги бар инновациялык долбоорлорду уюштуруу, укуктук жактан колдоо, кызматташууну камсыздоо максатында түзүлгөн.

Экономикалык кеңештин жыйынында токой чарбасында кызматташуу чечими кабыл алынды. КМШга мүчө мамлекеттер бул жаатта 2025-жылга ишке ашыра турган план бекитилди. Документ токой өстүрүү, пайдалануу, зыянкечтерге жана илдеттерге, чек арадагы табигый өрткө, жыгачты мыйзамсыз колдонууга каршы күрөшүү чараларын камтыйт.

Экономикалык кеңештин Нурсултандагы жыйынына Кыргызстандан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев катышты. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG