Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:33

Профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчиcи үй камагына чыкты


Мирбек Асанакунов.
Мирбек Асанакунов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кесиптик кошуундар федерациясынын мурдагы жетекчиси Мирбек Асанакуновду үй камагына чыгарды. Райондук сот мындай токтомду 6-июнда кабыл алган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кесиптик кошуундар федерациясынын мурдагы жетекчиси жана анын орун басары коррупцияга шек саналып кармалганын 2-июнда билдирген.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алар 5 млн. 756 миң 700 сомдук ишенип берилген мүлктү ыйгарып алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен козголуп, шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген. Экинчи адамдын бөгөт чарасы эмне болгону белгисиз.

Акыркы беш жылдан бери Кесиптик кошуундар федерациясында бийлик талаш токтобой келет. Федерацияны 2017-жылдан бери жетектеп келген Мирбек Асанакунов 2020-жылдын февралында иштен кеткен.

Кесиптик кошуун - жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме. Кесиптик кошуундар өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптарга жана мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбейт. Бул уюмдардын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшере алат. Айрым маалыматтарга ылайык, бирикменин жалпы бюджети 1 млрд. сомдон ашат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG