Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:57

Электрондук соода боюнча салыкты тейлеген сайт ишке берилди


Meta (Facebook) компаниясынын эн белгиси.
Meta (Facebook) компаниясынын эн белгиси.

Мамлекеттик салык кызматы жаңы Салык кодексине ылайык, электрондук түрдө кызмат көрсөткөн бардык чет өлкөлүк компаниялар быйыл 1-январдан тарта бюджетке кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттүү экенин эскертти.

Чет өлкөлүк ишканаларга аралыктан салыктык каттоодон өтүү үчүн vat.salyk.kg сайты ишке киргизилип, кошумча нарк салыгы 12% деп белгиленди. Бул портал чет өлкөлүк уюмга салыктык каттоодон өтүүгө, идентификациялык салык номерин алууга жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Быйыл январь айында кабыл алынган Салык кодексине электрондук соодага салык киргизилген. Ага ылайык, Google же Meta (Фейсбук) сыяктуу дүйнөлүк ири компаниялардын тапкан пайдасынан Кыргызстанда салык алынат.

Google, Meta ишканаларына таандык социалдык тармактардын колдонуучулары товар, кызмат көрсөтүү, пиар сыяктуу жарнамаларды берет. Кыргызстандагы өткөн жылдын ноябрь айындагы парламенттик шайлоодо талапкерлер Фейсбуктагы жарнамага 30 миң доллардай сарптаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG