Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Жапаров мурдагы президенттердин мүлкү тууралуу пикирин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Өлкө башчы Садыр Жапаров мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Бишкектеги үйү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, дагы бир мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясы карылар үйү болорун айтты.

Бул тууралуу ал Би-Би-Си кыргыз кызматындагы маегинде билдирди. Садыр Жапаров буга окшогон жайлар Кыргызстанда жетишсиз экенин, ушундан улам жогорудагыдай чечим кабыл алынганын кошумчалады. Өлкө башчы “эки объект тең ал бийликке келгенге чейин эле мамлекетке өткөрүлгөн” деди.

“Атамбаевдин тарапташтары мага доомат арткыдай, анын үйүн мен конфискация кылган жокмун. Атамбаевдин үйү Жээнбеков маалында, ал эми Бакиевдин үйү Атамбаев маалында эле соттун чечимдери менен конфискация болгон. Андан бери эч кыймылсыз каралбай жаткан. Азыр ал үйлөр - мамлекеттики. Түбөлүк каралбай жаткыча карылар менен балдар үчүн пайдалуу иш жасап коёлу деп курулуш иштерин баштап жатабыз”, - деди Жапаров.

Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган Курманбек Бакиевдин Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү үйүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борбору ачылганы жатат.

2011-2017-жылдары президент болгон Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясын карылар үйү кылуу пландалууда. Анын үйүнүн айланасында талаш чыкты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү соттун чечими менен мыйзам чегинде мамлекетке өткөнүн билдирген. Ал эми Атамбаевдин адвокаттары менен жакындары соттун чечими жок экенин айтып келишет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG