Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:19

Бийликтеги ынтымак көйгөйү элдин маанайына таасир этип жатканы айтылды


Нуржигит Кадыберков.
Нуржигит Кадыберков.

Бийликтеги ынтымак маселеси бүгүн 9-июнда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Нуржигит Кадырбеков өкмөт менен парламенттеги абал элдин маанайына таасир этерин белгилеп, ынтымак маселеси актуалдуу болуп турат деген оюн билдирди.

Ал Жогорку Кеңеште буга дейре бири-бирине “Сен” деп кайрылган учур болбогонун айтып, биримдик жана ынтымак болбосо өлкөнү күчтөндүрүү мүмкүн эместигин белгиледи:

“Өткөндө, көрдүңүздөр, бул жакта болбой турган нерсе болуп кетти. Мен элди аралап келдим – мурда көпүрөнү, жолду сурайт эле, азыр “Эмне болуп баратасыңар, ынтымак болсо болот эле” деп жатышат. Эртеси кыргыздын баатыр жигиттери бир саясатчыны колдоп, экинчисине тил тийгизип… Ошентип отуруп ынтымак ыдырап кетет. Ушул күчтү башкаларга көрсөтөлү. Ушул жердеги окуядан кийин чек арада бир окуя чыкты. Бизге азыр тап бергендер көбөйдү, себеби сүрүбүз жана сырыбыз кетип жатат. Ошол жигиттер, балким, менден кичүүдүр – ошол күчтү, демди жана духту тышка көрсөтөлү. Бул жерде канча депутат отурду, канча министр келди, канча өкмөт башчы, президент чыкты, “Сизден” “Сенге” бир дагы өтө элек болчубуз”.

Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтышкан.

Ташиев Мадумаровду аткезчиликти калкалап жатканын айткан. Мадумаров андайлар камалса кол чабарын билдирген. Ташиевдин “Сени кошуп камайбыз жакында” деген жообуна ал “Колдон келбейт” деп жооп берген. Мадумаров менен кайым айтышып жатып Ташиев “Колуңду кесебе, колуңду сындырып коем” деген.

Эртеси күнү эки саясатчынын тарапкерлери өз лидерин жактаган жана анын оппонентин айыптаган, сындаган кайрылуулары менен чыгышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG