Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:59

Иранда пенсионерлер митингге чыгышты


Ахваз шаарындагы нааразылык.
Ахваз шаарындагы нааразылык.

Ирандын шаарларында пенсионерлердин нааразылык акциясы экинчи күн катары менен уланды. Күбөлөрдүн айтымында, 7-июнда пенсиянын аздыгына нааразылык билдирген жарандар Машхад, Шуштер, Бендер-Аббас, Керманшах сыяктуу кеминде 16 шаарда нааразылык билдирип көчөгө чыгышты.

Илам шаарында ондогон пенсионерлер жергиликтүү социалдык коргоо администрациясынын алдында бош дасторкон жайышып, эмгек министринин ишин сынга алышты.

Исфаханда Ирандын президенти Ибрахим Раисиге сын айтышкан, "Раисиге өлүм!" деп кыйкырган митингчилердин чогулушуна полиция тоскоолдук жаратканы кабарланды.

Тегерандын өзөктүк программасына байланыштуу киргизилген эл аралык санкциялар Ирандын экономикасын аксатканы белгилүү. Буга кошумча өлкөнүн экономикасы COVID-19 пандемиясынан кийин өз калыбына келе элек.

Пандемиядан улам Иранда 2 миллион киши жумушсуз калып, инфляциянын деңгээли 45 пайызга жеткен. Натыйжада соңку айларда жашоо-турмуштун начарлаганын айткан жарандар утур-утур акцияга чыгып келишет.

5-июнда Ирандын Эмгек министрлиги бир айлык пенсиянын көлөмүн 55 пайызга же 177 долларга чейин көтөрөрүн билдирген. Бирок пенсионерлер бул каражат күнүмдүк-турмуш тиричиликке жетпей турганын айтып жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG