Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:07

ӨКМ аскер бөлүгүндө сабалган жоокердин иши боюнча иликтөө башталды


ӨКМ аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
ӨКМ аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодск айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбековдун сабалышына байланыштуу ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Бул тууралуу ӨКМ министринин орун басары Урматбек Шамырканов 8-июнда билдирүү таратты.

Мунун алдында сабалаган жоокердин жакындары социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жолдоп, укук корго органдарынан, бийликтен жардам сураган. Кайрылууда келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн аскерлердин бири Б.Эсенбековдон акча талап кылып, ур-токмокко алганы айтылат.

"1-июнда түндөсү катуу таяктан табарсыгы жарылып, 4-июнга чейин ооруканага жеткирлибей, абалы оорлошуп кеткен",-деп айтылды жакындары тараткан кайрылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов 20 жаштагы жоокердин табарсыгы жарылып, операция жасалганын ырастап, аскер бөлүктүн тиешелүү аскер жетекчилеринин баары кызматынын убактылуу четтетилгенин билдирди.

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан тарта кыргыз армиясында аскерлердин бири-бирине чоңсунуп, зомбулук көрсөткөн учурлары тыйылбай келүүдө. Мындан улам аскер бөлүктөрүндө майып болуп, айрым учурда адам өлүмү менен аяктаган окуялар катталып келет. “Кылым шамы” уюмунун эсебинде 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG