Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:10

Түркиянын Анталья шаарында орусиялык туристтер азайды


Түркиянын Анталья шаары.
Түркиянын Анталья шаары.

Быйыл Түркиянын Анталья курорттук шаарына келген орусиялык туристтердин саны коронавирус пандемиясы башталганга чейинки мезгилге же 2019-жылга салыштырмалуу 72 пайызга азайды.

Орусиянын Туроператорлор биримдигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алгачкы беш айында Антальяга 367,8 миң орусиялык турист барган. 2019-жылдын бул мезгилинде Антальяда эс алган орус туристтеринин саны 1,3 миллионго жеткен болчу.

Туроператорлор биримдиги Антальядагы орусиялык туристтердин азайышын геосаясий кырдаал жана санкциялар менен байланыштырып жатат. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь айында үч жыл мурдагы салыштырмалуу Антальяга барган орусиялыктардын саны 16 пайызга көп болгон. Бирок Орусия Украинага кол салгандан кийин туристтердин агымы андан кескин түрдө басаңдай баштаган.

Маселен, 2019-жылга салыштырмалуу быйыл февраль айында Түркиянын курорттук шаарына келген орус туристтеринин саны 12 пайызга, апрель айында 81 пайызга азайып кеткен.

"Росстаттын" маалыматына ылайык, 2022-жылдын биринчи кварталында Түркияга багыт алган орусиялык туристтердин саны былтыркыга салыштырмалуу 23 пайызга кыскарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG