Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:25

Германиянын башкы дипломаты "Талибандын" багытын сындады


Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок.
Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Ооганстандагы "Талибан" өкмөтү туура эмес багытта кетип баратканын, дүйнө талибдерге муну жеткириши керектигин билдирди. Ал мындай сөзүн 7-июнда Пакистандын баш калаасы Исламабадда айтты.

"Андыктан экономикалык колдоо болушу үчүн адамдардын негизги укуктарына байланыштуу шарттар аткарылышы керек. Ооганстанда болуп жаткан окуяларга биздин таасирибиз абдан чектелүү. Кырдаал "Талибан" өз экономикалык кызыкчылыктары үчүн канчалык рационалдуу тандоо жасай аларынан көз каранды. Азыр андай болгон жок", - деди министр.

Бербок эл аралык коомчулук талибдерден инклюзивдүүлүктү, адам укуктарынын, анын ичинде аялдардын укуктарынын сакталышын, террорчулукка каршы натыйжалуу чара көрүлүшүн күтүп жатканын белгиледи. Ошондой эле Ооганстанды гуманитардык кризис тооруп турганын кошумчалады.

Былтыр жазында 20 жылдык согуштан кийин эл аралык күчтөр Ооганстандан чыга баштаган. Аны улай "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) ооган провинцияларын четинен басып алып олтуруп, август айында Кабулга көзөмөлүн орноткон.

Талиб өкмөтү бийликке келгенден кийин Ооганстанда адам укуктарын сактоого убада бергени менен соңку айларда өлкөдө кыз-келиндердин укугу одоно бузулуп жатканы кабарланып келет.

Дүйнөнүн бир дагы мамлекети "Талибандын" бийлигин расмий тааныган эмес. Бирок быйыл 17-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Ооганстан менен байланышты калыбына келтирүүнү жактап добуш берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG