Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Кайрат Иманалиев УТРКнын директору болуп дайындалды


Кайрат Иманалиев.
Кайрат Иманалиев.

Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 7-июнда президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Кайрат Иманалиев 2021-жылы октябрь айында Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал тапта каналдын жетекчиси КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн добушу менен шайланчу.

Быйыл май айында Садыр Жапаров “Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга кол коюп, “коомдук каналдын” макамы “улуттук” болуп өзгөртүлгөн.

Буга чейин КТРКнын 15 адамдан турган Байкоочу кеңеши каналдын директорун добуш берүү жолу менен төрт жылга шайлап келген болсо, эми башкы директорду дайындоо жана иштен алуу укугу президентке берилди.

КТРК коомдук деген макамга 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ээ болгон. “Улуттук” болуп өзгөртүлгөндөн кийин каналдын бюджети дагы 12 миллион сомго көбөйөрү айтылган. Каналдын 2021-жылдагы бюджети 386 миллион сом болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG