Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:10

Бейшеналиевдин бөгөт чарасы Октябрь райондук сотунда каралууда


Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда кармалган.
Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда кармалган.

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасы бүгүн 4-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралып жатат.

2-июнда Башкы прокуратура Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогонун билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, бир кылмыш иши “коррупция” беренеси боюнча, эки иш “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү” беренелеринин негизинде козголгон.

4-июнда президент кол койгон тескеменин негизинде Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан “тергөө мезгилине” деген негизде убактылуу четтетилишти. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG