Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:58

Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын алтынчы пакетин кабыл алды


Европа Биримдигине жалпы 27 мамлекет мүчө.
Европа Биримдигине жалпы 27 мамлекет мүчө.

2-июнда Европа Биримдигинин Брюсселдеги баш кеңсесинде уюмга мүчө-мамлекеттердин атайын өкүлдөрү Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу Москвага каршы киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетин жактырды.

Санкциялардын жаңы топтомунун мазмуну жума күнү жарыяланат деп күтүлүүдө. Анда эң негизги чара катары Орусиядан деңиз аркылуу мунай ташып келүүгө тыюу салынып жатат. Мындан сырткары "Сбербанкты" SWIFT системасынан өчүрүү, жарандарды жана компанияларды кара тизмеге киргизүү чаралары каралууда.

Санкциялардын алтынчы пакети апрелден тартып эле талкууланып келаткан. Европа Комиссиясы документтин долбоорун 4-майда уюмга мүчө-мамлекеттерге жөнөткөн эле. Алар талаш-тартыштардан кийин анын мазмунун 30-майда макулдашкан.

Санкциялардын ичинде көбүнчө мунайга толук эмбарго киргизүү каршылыктарды жараткан. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан уюмдун ичиндеги мамлекеттерге Орусиядан мунай ташып келүүгө тыюу салуу демилгесин колдобой турганын расмий билдирген.

Натыйжада чара жумшартылып, куур аркылуу ташылган мунайга эмбарго киргизилбей турган болду. Чектөө деңиздеги порттор аркылуу ташылчу мунайга гана кирет.

Евробиримдиктин ичинде Венгрия, Словакия жана Чехия орус мунайын "Дружба" кууру аркылуу жер астынан алып өтөт. Башка өлкөлөр мунайды Балтика деңизи жана Кара деңиз аркылуу ташып келишкен. Эгер танкерлер менен ташып келүү буулса, жыл соңуна чейин Орусиядан Евробиримдикке келчү мунай 90% кыскарат деп эсептелди.

Венгрия мындан сырткары Орусиянын Православ чиркөөсүнүн патриархы Кириллди санкциялык тизмеден чыгарууну талап кылганын Bloomberg басылмасы жазган. Кириллди тизмеге киргизүүнү Литва сунуштаган.

“Эркин Европа/Азаттык радиосунун” Брюсселдеги кабарчысы Рикард Йозвяк кабарлагандай, соңку тизмеден патриарх чыгарылды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG