Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Сырт өрөөнүндө өлгөн малдын саны такталууда


Барскоон - Ак-шыйрак жолу. 30-май, 2022
Барскоон - Ак-шыйрак жолу. 30-май, 2022

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Каракол-Эңилчек автоунаа жолу ачылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусу ачылып, тазалоо иштери жүрүп жатат. Учурда Сырт өрөөнүндөгү калың кардан өлгөн малдын саны такталып жатат. Ошондой эле мал-жандыктарга тоют жеткирилген.

Жолдо кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

1-июнда кечинде президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов тийиштүү органдардын өкүлдөрү менен Чоң-Ашуу ашуусуна кетишкен. Жергиликтүү бийлик малчылардын маселеси жөнүндө кабардар экенин билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусундагы айрым райондун малчылары жайлаган жайлоолордо калың кар түшүп, мал-жандыктарга тоют жок болуп жатканын айткан. Жумабеков парламент жыйынында Министрлер кабинетин тез арада чара көрүүгө чакырган.

Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнү Нарын облусунун жайлоолору менен чектешет. Ал жайлоого Каракол-Эңилчек автоунаа жолу менен барат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG