Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:00

"Сорос Кыргызстан" фондунун директору УКМКнын тергөөчүсүнө жолукту


Шамил Ибрагимов.
Шамил Ибрагимов.

"Сорос Кыргызстан" фондунун директору Шамил Ибрагимов Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсүнө жолугуп чыкты. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" билдирди.

Ибрагимов атайын кызматтын тергөөчүсү менен маалыматтык жолугушуу болгонун айтат.

"Биздин фонд жайгашкан имарат боюнча маалыматтык жолугушуу болду. Кошумча маалыматтарды билгилери келиптир. Мен бардык маалыматты айттым. Башка маселе жок деп ойлоп турам. Имарат кантип алынган деген сыяктуу суроолор берилди. 24 жылдан бери бир дагы мындай маселе көтөрүлгөн эмес. Эмнеге азыр суроо болуп жатат, түшүнүксүз".

Атайын кызматтын басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат берген жок.

"Сорос Кыргызстан" фонду Кыргызстанда 1993-жылдан бери иш алып барат. Фонд жети тематикалык тармакта гранттарды берет. Алар - коомдук саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук, жарандык катышуу, массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү, санариптешүү, изилдөө багыты.

1993-2018-жылдар аралыгында аталган багыттарда ар түрдүү жергиликтүү уюмдарга жалпы 98 миллион 800 миң доллар грант берген. Бөлүнгөн гранттардын 39% саламаттык тармагына берилүүдө. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG