Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

УКМК профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчилерин кармады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупцияга шек саналып Кесиптик кошуундар федерациясынын мурдагы жетекчиси М.А жана анын орун басары В.М. кармалганын маалымдады.

Атайын кызматтын кабарлашынча, мурдагы жетекчи кызматтагы жана белгисиз адамдар менен бирге 5 млн. 756 миң 700 сомдук ишенип берилген мүлктү ыйгарып алганы такталган. УКМК мындан сырткары дагы каржылык мыйзамсыз аракеттерге барганы аныкталды деп билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө М.А Профсоюздар федерациясынын төрагалыгына шайланууну талап кылынган шарттарды эмгек китепчесине жасалма жаздырып алганы аныкталган.

Шектүүнүн үйүнүн жертөлөсүн тинтүү учурунда электрондук аппарат, майнинг-фермалар табылган. Атайын кызмат анын мыйзамдуулугун тергөө текшере турганын маалымдады. Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Акыркы беш жылдан бери Кесиптик кошуундар федерациясында бийлик талаш токтобой келет. Федерацияны 2017-жылдан бери жетектеп келген Мирбек Асанакунов 2020-жылдын февралында иштен кеткен.

Кесиптик кошуун - жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме. Кесиптик кошуундар өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптарга жана мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбейт. Бул уюмдардын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшере алат. Айрым маалыматтарга ылайык, бирикменин жалпы бюджети 1 млрд. сомдон ашат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG